Жеңишке салым кошкон шаар

Жеңишке салым кошкон шаар

Актөбеде согуш жылдарында снаряддар, октор жана атуучу унаалар жасалган. Аймак Мекенди коргоочу жоокерлерге аскердик колдоо көрсөтүү үчүн мобилизацияланган. «Актөберентген» - 1941-жылдын жетинин айында Москвадан көчүрүлгөн көчмө жана тыл ооруканалары үчүн рентген аппаратын чыгарган ишкана. Бүгүнкү күндө бул экспонаттар Актөбе шаарындагы чөлкөм-таануу жана тарых музейинде сакталып турат.


Арман Ержанов, Актөбе шаары тарыхый-чөлкөм таануу музейинин кызматкери:


- Ок чыгаруучу, металл чыгаруучу заводдорду биз камсыз кылып жаттык. Бизге жакын Алга шаарындагы химиялык комбинаттын өзү согуш жылдарында торпедо снаряддарын чыгарды деген  маалыматтар кездешет.


Согуш жылдарында шаарга сегиз завод-фабрика көчүрүлгөн. Танктар үчүн чоюн жана коло арматуралар, машина-тракторлордун кошумча бөлүктөрү, замбирек огу менен мина аткычтарынын тетиктери чыгарылды. 1943-жылы Акбөбе ферроэритме заводунда ок жана курал-жарактын темир бөлүктөрү жасалды. Ошондой эле облуста эвакуациялык ооруканалар иштеди. Шаардын тарыхы чоң кызыгууну жаратат, ошондуктан музейге келгендер да көп.


Арайлым Аңсатгали, окуучу:


- Бул облустук аймактык тарых музейинде мен көп нерселерди билдим. Өлкөбүздүн СССР кезиндеги баатырлары тууралуу тарыхый маалыматтарды билдим. Актөбеден табылган көптөгөн этнографиялык, археологиялык эстеликтер тууралуу билдим.


Белгилей кетсек, согуш жылдарында облустун калкы 335 миң адамды түзгөн. Ага  карабастан, алардын 122 миңи согуш талаасына аттанышты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков