Улуттук банк Көз карандысыздык жылдары 600дөн ашык коллекциялык монеталарды чыгарды

Улуттук банк Көз карандысыздык жылдары 600дөн ашык коллекциялык монеталарды чыгарды

Эгемендүүлүк жылдарында Казакстандын Улуттук банкы коллекциялык монеталардын 600дөн ашык түрүн чыгарды. Алардын ар бири уникалдуу. Кээ бирлери өткөндөн кабар берип, тарыхый инсандарга, окуяларга арналса, ал эми айрымдары мамлекеттик майрамдарга арналган. Маселен, каржы институту өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына, 2021-жылдын негизги мааракесине карата атайын монеталарды иштеп чыккан. Белгилей кетсек, бул монеталар үч вариантта жасалган. Ал номиналы беш миң жана беш жүз теңге болгон күмүштөн жана номиналы 100 теңгелик мельхиордон жасалган. Дизайнерлердин айтымында, аларга 1993-жылкы ата мекендик банкноттордун биринчи сериясына кирген көрүнүктүү тарыхый инсандар басылган. Негизги бетиндеги портреттердин катарынын алдыңкы жагында Туңгуч Президент, Эл башы Нурсултан Назарбаевдин элеси бар. Улуттук банк монеталар уникалдуу технология менен жасалганын айтат.

Алмат Касенов, РКнын Улуттук Банкынын банкноттор менен монеталарды долбоорлоо башкармасынын башчысы:

- Бул монеталарды иштеп чыгуу учурунда бир эле учурда үч технология колдонулду. Атап айтканда, карталарды алтын менен жалатуу ыкмасы, портреттик сериялар жана санариптик басып чыгаруу ыкмасы. Үстүндө желек жайгаштырылган. Эгер жакшылап карасаңыз, интерференциялык каптоо бар. Башкача айтканда, боз үйдү жасалгалоодо декоративдик колдонмо искусство - банкноттун негизги элементтеринин бири болду. Салмагы 31,1 граммды түзгөн монеталар үч миң даана менен жүгүртүүгө чыкты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков