Казакстандын Президенти Дүйшөмбүдө өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын жыйынына катышты. Быйыл уюмдун түзүлгөнүнө 20 жыл толду. Казакстандын президенти XXI кылымдын башында негизделген уюм Евразия мейкиндиги элдеринин коопсуздугу жана гүлдөп-өсүшү жолундагы эффективдүү кызматташууга болгон жамааттык эркти бүткүл дүйнөгө көрсөткөнүн белгиледи.
Касым-Жомарт Токаев, РКнын Президенти:
- Биргелешкен аракеттердин аркасында ШКУ дүйнөдөгү ийгиликтүү жана таасирдүү аймактык уюмга айланды. Аталган уюм жоопкерчилик жагынан эбегейсиз демографиялык, каржылык, чийки зат ресурстарга, ошондой эле күчтүү технологиялык дараметке таянат. Ар тараптуу ченемдик укуктук база калыптанып, бардык деңгээлдерде интеграциялоонун эффективдүү механизмдери жолго коюлду. Уюмдун эл аралык байланыштары тездик менен кеңейүүдө. Албетте, Индия менен Пакистандын кошулушу ШКУнун күчүн бекемдеп, анын ишине транс евразиялык мүнөз берди. Ирандын толук кандуу мүчөлүккө кабыл алуу жараянын баштоо чечими, муну менен катар Египет, Сауд Арабиясы жана Катар мамлекеттерине диалог боюнча өнөктөштөр макамын берүү сунушу уюмдун Жакынкы Чыгыштагы кадыр -баркын мындан бетер арттырды.
Мамлекет башчысы бүткүл дүйнөдө жана Дүйшөмбүдөгү саммит аянтчаларында кеңири талкууланып жаткан ооган маселесине өзгөчө токтолду. Касым-Жомарт Токаев Казакстан гуманитардык жана экономикалык көйгөйлөрдү башынан кечирип жаткан Ооганстанга мүмкүн болушунча жардам берүүгө даяр экенин билдирди.
Касым-Жомарт Токаев, РКнын Президенти:
Казакстандын инфраструктурасын жана логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен биз Ооганстанга эл аралык жардам жеткирүү үчүн Алматыда ШКУнун гуманитардык хабын уюштурууну сунуштайбыз. Бул кадам Уюмдун региондогу курч маселелерди чечүүдөгү ролун жогорулатат, ошондой эле БУУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы ишмердүүлүгүн координациялайт деп ишенем.
Мамлекет башчысы сөзүнүн соңунда Тажикстандын Уюм кызматынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу боюнча жасаган жемиштүү иштерин белгилеп, Өзбекстандын Президентин Уюмга төрагалык кылуусу менен куттуктады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков