2022-жылдагы эң маанилүү окуялардын бири Бээжинде өтө турган Кышкы Олимпиада болору талашсыз. Кытайдын баш калаасында курула турган Олимпиада шаарчасы спортчуларды кабыл алууга даяр. Спорт комплекстери шаардын борбордук бөлүгүндө курулган мейманкананын жанында жайгашкан. Уюштуруучулар эпидемияга каршы коопсуздук чараларын камсыз кылууга басым жасашты.
Ли Бинь, Бээжиндеги Олимпиада айылынын конокторго кызмат көрсөтүү боюнча менеджери:
- Кышкы Олимпиада жана Паралимпиада оюндарында бөлмөлөрдү желдетүү үчүн кондиционерди же тышкы абанын айлануусун камсыз кылган атайын системаны колдонууга болот.
Цюй Сунмин, Бээжиндеги Олимпиада айылынын соода залынын менеджери:
- Бизде тез тамактануучу бир нече ресторан жана кафелер, 24 саат бою иштеген дүкөндөр, химиялык тазалоо жана чач тарач кызматтары бар. Кытайдын улуттук маданиятынан кабар берген көргөзмөлөр дагы уюштурулат.
Пандемиядан улам дүйнөлүк күйөрмандар алдыдагы Бээжин Олимпиадасына турист катары бара алышпайт. Кытайдагы кышкы оюндар жергиликтүү тургундардын катышуусу менен гана өтөт. Тилекке каршы, дүйнөлүк спорттук мелдешти бүт дүйнө көгүлтүр экрандан алыстан гана күбө болору белгилүү. Казакстандык күйөрмандар ата мекендик спортчуларды колдоого даяр. Өлкөнүн сыймыгы болгон эр азаматтар мелдешке камданып, учурда кызуу даярдык көрүшүүдө. Спортчулар негизги беттештердин алдында машыгууну өз мекенинде өткөрүшөт. Мелдешке чыгуунун алдында көзөмөлдөө сынактары уюштурулат. Олимпиадага жолдомо алаган улуттук курама командалардын тизмеси үчтүн айында расмий жарыяланат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков