Казакстанда 2028-жылга чейин айыл чарбачылыгынын жалпы өнүмүн эки эсе арттыруу көздөлүүдө

Казакстан айыл чарба өнүмүнүн жалпы көлөмүн эки эсеге көбөйтүүгө ниеттенүүдө. Экинчи жагынан, өлкөнү толук каптап, мүмкүн болушунча импорттон кутулуу пландалууда. Калганы экспортко жөнөтүлөт. Буга байланыштуу чийки затты терен кайра иштетүүгө артыкчылык берилет. Ага чейин эгин талаалары ар тараптандырылып жатат. Маселен, сууну керектөөчү дан кыскартылып, анын ордуна май өсүмдүктөрү, кант кызылчасынын аянттары кеңейип келүүдө. Ошондой эле, быйылкы жылдан тарта ички рынокто суроо-талапка ээ болгон сүт жана канаттуулар фабрикасы сыяктуу 8 тармакты каржылоо башталды. Мунун баары 2024-2028-жылдарга карата жол картасында камтылган. Өкмөттүн алкагында көрүлгөн чаралар каралды. Документте тармакка каражат тартуу жагы да эске алынган. Быйылкы жылга эле пландалган инвестициянын көлөмү 1,7 триллион теңгени түзөт. Айыл эмгекчилерин колдоонун жаңы механизмдери ишке киргизилип жатат.

Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-Министри:

– Быйыл жазгы айдап-себүү иштерине жана айыл чарба техникаларын лизингге алууга ири каражаттар багытталды. Жеңил шартта берилген насыялардын көлөмү биринчи жолу 580 миллиард теңгеге жетти. Ага чейин бул көрсөткүч 180 миллиард теңгеден ашкан эмес. Бул дыйкандарга агротехникалык бардык зарыл иш-чараларды толук өлчөмдө жүргүзүүгө мүмкүндүк берди. Ошол эле учурда дараметтүү ишкердик корпорацияларды тартуунун эсебинен каржылоо булактары максималдуу түрдө кеңейтилди. Каржылык мекемелерди түз субсидиялоо механизмдери жана агро өнөр жай комплексинин субъектилеринин кепилдиктери киргизилди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков