Бүгүнкү күндө Казакстанда чакан жана орто бизнесте аялдардын үлүшү 50%га жакынды түзөт. Ал эми үлүш 20%дан азыраак болгон ири тармакта абал бир аз башкача. Буга байланыштуу республикада ар кандай билим берүү жана окутуу программалары активдүү өнүгүп жатат. Бул ата мекендик ишкерлерге бизнестин чоң сегментине өтүүгө мүмкүндүк берет. Ошондуктан талаптар жогору, мисалы, алар маркетинг, IT, каржы жана сатуу тармагындагы билимдерин тынымсыз толуктап, бекемдеп турушу керек. Белгилей кетсек, мындай долбоорлор мамлекет, ири эл аралык уюмдар, каржы институттары жана башка өнөктөштөр, анын ичинде чыгармачыл тармактын өкүлдөрү тарабынан уюштурулуп келет.
Ирина Харитонова, «CREATIVE INNOVATION INSTIUTE» Борбор Азияны туруктуу өнүктүрүү фондунун башчысы:
– Элеттеги аялдар бир катар көйгөйлөргө туш болуп келишет. Санариптештирүү же башка тармактар боюнча көптөгөн эл аралык гранттар бар. Бирок, көпчүлүгү англис тилин билбейт. Биздин максат ушундай маалыматтык блоктор аркылуу аялдарды тартуу жана аларга толук маалымат берүү. Биз эл аралык тажрыйбаны кылдат изилдеп, аларды колдонууну сунуштайбыз. Себеби, аялдардын ишкердигин колдогон ар кандай фонддор бар. Ошондуктан, аялдардын бизнесин колдоого багытталган чараларды ири бизнести колдоо программаларына киргизүү жөнүндө ойлонуу керек.
Ошондой эле, Казакстандагы «БУУ-Аялдар» структурасынын колдоосу менен масштабдуу иштер жүргүзүлүүдө. Тактап айтканда, тренингдер, ар кандай билим берүүчү долбоорлор, программалар бар. Муну менен катар, өлкөнүн өкмөтү менен биргеликте иштелип чыккан демилгелердин биринин аркасында өткөн жылы Казакстандын бардык облустарында жана ири шаарларында аялдардын ишкердигин өнүктүрүү борборлору пайда болду.
Дина Амришева, Казакстандагы «БУУ аялдар түзүмү» кеңсесинин убактылуу башчысынын милдетин аткаруучу:
– Бул борбордун адистери бүткүл Казакстанды кыдырып, ишкер аялдарга консультациялык жардам көрсөтүштү. 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча 10 миңге жакын казак аялдары жардам сурап кайрылган. Ошентип, алардын бизнесине жаңы дем берүү мүмкүнчүлүгү пайда болду. Мындан тышкары быйылкы жылы өлкөдөгү венчурдук уюмдар жана фонддор менен биргелешкен иш-чараларды уюштурууну пландап жатабыз. Менимче, Казакстан жаңы деңгээлге көтөрүлүп жатат. Себеби, аялдардын каржылык сабаттуулугу жана менеджменти боюнча активдүүлүгү күчөп баратат. Мындан тышкары, ал санариптештирүү жана инновациялар аркылуу бизнести өнүктүрүү жолдорун да үйрөндү.
Ал эми казак аялдарынын ишкердик менен иштөө багыттарына келсек, ал билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарында кеңири жайылган. Бирок, акыркы жылдары мекендештердин бизнеси өндүрүш тармагына өтүп кетти. Статистикалык маалыматтарга ылайык, акыркы беш жылда тармакта аялдардын үлүшү дээрлик 30% өскөн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков