Астанада өткөн
Казакстан-Азербайжан бизнес-форумунда ишкер чөйрөлөр кызматташуу боюнча 15
меморандумга кол коюшту. Документтер негизинен өнөр жай, туризм, билим берүү, санариптик
технологиялар жана логистика тармактарын камтыйт. Өнөктөштүктүн багыттарынын
бири – экспортту колдоо боюнча улуттук институттар QazTrade менен AZPROMO
ортосундагы өз ара меморандум болду. Тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке
ашыруу жана үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна чыгуу боюнча макулдашышты.
Айтмухаммед
Алдажаров, «Qaztrade» соода саясатын өнүктүрүү борборунун башкы мүдүрү:
- Казакстан
сапаттуу айыл чарба товарларын жана кайра иштетүү өнүмдөрүн жеткирүүнү камсыз
кылуу, ошондой эле биргелешип таңгактоо, сактоо жана үчүнчү өлкөлөрдүн рыногуна
чыгууну илгерилетүү үчүн өнөктөштүк аясын чыңдоого даяр. Биз Азербайжанды соода
өнөктөшү катары гана эмес, стратегиялык, логистикалык жана кайра иштетүү хабы
катары да карайбыз. Өнөр жайлык кызматташтыкка да чоң көңүл бөлүнөт. Бизде
таңгактоочу материалдарды кайра иштетүү, унаа жасоо жана жеңил өнөр жай
тармагында биргелешкен ишканаларды түзүү үчүн олуттуу дарамет бар.
Азербайжан тарабы да
өнөктөштүк чөйрөсүн кеңейтүүгө ниеттүү экенин билдирди. Туристтик багыт,
транспорт жана логистиканын келечеги зор. Бизнес өкүлдөрү Кытай, Казакстан жана
Азербайжанды эски континенттин базарлары менен байланыштырган Транскаспий же
Ортоңку коридор алкагындагы өз ара кызматташтыкты натыйжалуу деп эсептешет.
Ошондой эле, келишимдер өлкөлөргө товар жүгүртүүнү арттырууга жана Евразиядагы
негизги өнөктөштөр катары позицияларын бекемдөөгө көмөктөшөт. Белгилей кетсек,
өлкөлөр арасындагы алыш-бериш дарамети артып келе жатат. Быйыл соода 500 млн
доллардан ашты. Бизнес форумга 100дөн ашык компания катышты. Бул өз ара
байланыштарды арттырууга болгон кызыгуунун белгиси.
Юсиф
Абдуллаев, Azpromo Азербайжан экспорту жана инвестицияларын жылдыруу агенттигинин
аткаруучу мүдүрү:
- Өз
ара кызматташтыктын мүмкүнчүлүгү чоң. Ошондуктан форумда логистикалык
компаниялардын саны көп. Буга байланыштуу порттордун өз ара өнөктөштүк түзүшү
маанилүү. Биздин чек арабыз Каспий деңизинде жайгашкан Алят порту кеңейтилет.
Товар жүгүртүүнү 15 миллиондон 20 миллион долларга чейин көбөйтүү мерчемделген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

