2021-жылдын биринчи жарымында Казакстандын экономикасына Кытайдан жарым миллиард доллардан ашык инвестиция тартылды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 64%га көп. Жергиликтүү тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Кытай алдыңкы соода-экономикалык өнөктөштөрдүн бири. Муну менен катар, аталган өлкө ата мекендик экономикага салынып келе жаткан инвестициянын алдыңкы бештигине кирет. Эки өлкө биргелешип 21 миллиард доллардан ашык 52 долбоорду ишке ашырууда. Анын ичинен 4,3 миллиард доллар каржы жумшалган 18 долбоор ишке киргизилген. Булар унаа жасоо, мунайды кайра иштетүү, химия, тамак-аш өнөр жайы, агроөнөр жай комплекси, инфраструктура, курулуш жана логистика тармактарындагы жаңы демилгелер. Жалпысынан Кытай акыркы 15 жылда Казакстандын экономикасына 20 миллиард долларга жакын инвестиция салды.
Ерлан Зейнешев, РКнын ТИМ Инвестициялар боюнча комитет төрагасынын орун басары
- Кытай Эл Республикасы менен соода алмашуу жигердүү түрдө өсүп келет. 20-кылымда, пандемияга карабастан өсүш болду. 21-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча биз да оң динамикага күбө болуп жатабыз. Соода жагынан бизде экспорттун көлөмү чоң. Башкача айтканда, биз импортко караганда экспорттук өнүмдөрүбүздү көп жөнөтөбүз. Ошондуктан Кытай менен соода биз үчүн эффективдүү өнүгүп жатат. Биз аталган мамлекетке негизинен мунай, ферроэритме, жез, ар кандай руда кошулмалары, жаратылыш газы жана башка ата мекендик өнүмдөрдү экспорттойбуз. Товар жүгүртүү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,5% өстү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков