Өкмөт: 2023-жылдагы милдеттер

Өкмөт: 2023-жылдагы милдеттер

Булар 2023-жылы Өкмөттүн алдында турган милдеттер. Бул тууралуу Алихан Смаилов министрлер кабинетинин жаңы жылдагы биринчи жыйынында билдирди. Анын айтымында, борбордук жана жергиликтүү аткаруу бийлик органдарынын ишин жалпы координациялоо, ошондой эле түзүмдүк өзгөртүүлөр күчөйт. Мындан тышкары, Өкмөттүн беш жүздөн ашык функциясы министрликтерге жана акимчиликтерге жүктөлөт. Бул мыйзам министрлердин көз карандысыздыгын жогорулатат жана азыркы учурда бардык тармактык маселелер министрлердин буйруктары менен кабыл алынат дегенди билдирет. Дагы бир көтөрүлгөн маселе, экология министрлиги кайра түзүлгөндөн кийин айрым функциялар жана ыйгарым укуктар индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигине өткөрүлүп берилди. Эми тиешелүү мекеменин алдында жаңы милдеттер турат. Смаиловдун айтымында, министрлик жер казынасын иштетүүгө инвестиция тартуу жана геологиялык маалыматтын бирдиктүү банкын пайдаланууга берүүнү аяктоого тийиш.

Которгон: Илгиз Жамалбеков