Казакстандын улуттук парктарына туристтердин кызыгуусу артууда. Өлкөнүн Маданият жана спорт министрлиги 2022-жылы сейил бактарга келгендердин саны 2 миллионго чейин көбөйүшү мүмкүн - деп болжолдоодо. Бул көрсөткүчкө жетүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар - дешет адистер. Себеби, мекеменин маалыматы боюнча, биринчи жарым жылдыкта Бурабай улуттук паркына 550миң, Шымбулак тоо курортуна 240 миң, Шарын капчыгайына 35 миң турист келген. Акыркысы - дүйнөдөгү эң атактуу 26 капчыгайдын бири. Бул жерге биринчи жолу келген саякатчылар миңдеген жылдардан бери калыптанып калган капчыгайдын сырткы көрүнүшүнө суктануу менен күбө болушат.
Антонио Янос, мексикалык турист:
– Жаратылыш кооз, эли меймандос, шаарлары заманбап. Мен бир күндө Швейцарияга, Сахарага жана Америкага баргандай болдум. Бир аймакта үч түрдүү табият көрүнүшү орун алган.
Флориан Махео, франциялык саякатчы:
– Биз көбүнчө экотуризмди баалайбыз. Ошон үчүн бул жер мага абдан жакты. Жаратылыш парктарын жакшы сактаптырсыздар. Анткени биз табият менен курчалганбыз. Жалаң фонтан менен отургучтар шаардын бакчаларын билдирет. Францияда мындай капчыгай болсо ар кандай дүкөндөрдү ачып, соода борборуна айланмак.
Шарын капчыгайында инфраструктура жылдан жылга жакшырып келүүдө. Туристтердин ыңгайлуулугу үчүн айлана-чөйрөгө таасирин тийгизбеген бардык зарыл шарттар бар. Бүгүнкү күндө сапаттуу байланыш, интернет, жада калса аба ырайына көз салган автономдуу метеостанция иштейт. Жолдун боюнда эскертүүчү белгилер менен атайын жабдылган эс алуучу жайлар орнотулган.
Айжан Молдыбаева, "Qazaq geography" РКБ менеджери:
– Биздин планыбыз боюнча бул жерде инфраструктуралык муктаждыктардан башка иштер жасалат. Маселен, туристтер эс алып, түнөшү үчүн экологиялык чатырлар тигилет. Алтын-Емелде атайын орундар даярдалган.
«Алтын-Емел» улуттук жаратылыш паркына келгендердин саны да көбөйүүдө. Жыл башынан бери мында 10 миңден ашык адам келген. Адистердин айтымында, саякатчылар бул жерден Кызыл китепке кирген ак илбирсти, сейрек кездешүүчү аркарларды, жейрендерди жана түркмөн куландарын көп кездештиришет. Ошондой эле, Айгайкум куму жана Бесшатыр дөбөсү, Чокон Валиханов булагы менен 800 жылдык дарак эл арасында популярдуулукка ээ.
Тимур Дүйсекеев, эс алуучу:
– Быйыл биз Павлодар, Семей, Алакөл, Шарын капчыгайы, Көлсай көлүн көрдүк. Азыр Алтын-Емел улуттук паркындабыз. Менин оюмча инфраструктура абдан жакшы.
Которгон: Илгиз Жамалбеков