Бээжиндеги Кышкы Олимпиадада казакстандык лыжачылар жарыштан четтетилди. Спринтерлик аралыкта эркектер арасында өлкө намысын Евгений Величко менен Виталий Пухкало коргошсо, кыз-келиндер арасында Ксения Шалыгина, Ангелина Шурыга, Ирина Быкова жана Надежда Степашкина ат салышты. 91 талапкердин ичинен 30 лыжачы финалга жолдомо алды. Казакстандыктардан эң мыкты жыйынтыкты Надежда Степашкина көрсөттү. Ал маара сызыгын элүү биринчи болуп кесип өттү. Ангелина Шурыга алтымышынчы, Ксения Шалыгина алтымыш жетинчи, Ирина Быкова алтымыш сегизинчи болду. Ошентип казакстандык команданын өкүлдөрү тандоо турунан өтпөй калышты.
Надежда Степашкина, Улуттук кураманын мүчөсү:
- Мен үчүн бул трасса абдан оор болду. Анткени ал өтө бийик. Дем алуу кыйын болду. Бирок бул жарыш мага жакты. Атмосфера жакшы. Натыйжа жаман эмес. Колдоолору үчүн күйөрмандарыма терең ыраазычылык билдирем.
Ал эми Олимпиадада эркектер арасында спринт боюнча жарышка чыккан Виталий Пухкало 66-болсо, Евгений Величко 62-болду.
Виталий Пухкало, Улуттук курама мүчөсү:
- Жакшы натыйжаларды көрсөтүү үчүн дайыма мелдешип, сапаттуу трассаларда машыгуу керек. Тилекке каршы, биздин өлкөдө андай жок.
Ал эми коньки менен жүгүрүүдө Дмитрий Морозов мыкты жыйырма спортчунун катарына кирди. Ал бир жарым миң метр аралыкты бир мүнөт 47 секунд убакытта басып өткөн. Жыйынтыгында ал 18-орунду ээледи. Эми спортчу масс-стартта күчүн сынап көрөт. Жеке жарышта багын сынаган биатлончулардын бири Владислав Киреев ТОП-25ке кирди. Ал эми Александр Мухин маара сызыгын 52-болуп өттү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков