Бул тууралуу өкмөт жыйынында айыл чарба министри Ербол Карашөкеев билдирди. Тармак жетекчиси премьер-министр Алихан Смаиловго жазгы талаа иштерине даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, быйыл республика боюнча айдоо аянты 23,5 миллион гектарга жакын. Кылкандуу дан эгиндери өсүмдүктөрүнүн айдоолору 117 миң гектарга, тоют үрөндөрү 36 миң 500 гектарга, кант кызылчасынын айдоо аянттары 6700 гектарга көбөйөт. Тескерисинче айрым май өсүмдүктөрүнүн түшүмү азаят. Быйыл негизинен эспарцет, соя, горчица айдоолору кыскартылат. Министр бул биринчи кезекте рыноктук суроо-талапка байланыштуу экенин баса белгиледи. Быйыл бирдин айында кардын көлөмү бирдей эмес жааган. Айрым аймактарда жаан демейдегиден аз жааган. Буга байланыштуу жер иштеткен дыйкандар кыртыштагы нымдуулуктун көлөмүн сактап калуу үчүн тийиштүү чараларды көрүүнү унутпашы керек. Өз кезегинде өкмөт башчы алдыдагы айдап-себүү иштерине 140 миллиард теңге бөлүнгөнүн билдирди.
Алихан Смаилов, Казакстандын Премьер-министри:
- 413 миң тонна дизель майы арзандатылган баада берилди. Форвардтык сатып алууга 20 миллиард теңге, субсидия түрүндө 87 миллиард теңге каралган. Мамлекеттик колдоо да дыйкандардан белгилүү бир шарттарды аткарууну талап кылат. Бул агротехниканы сактоо жана жер семирткичтерди өз убагында чачуу. Жазгы айдап-себүү иштерин өз убагында жүргүзүү үчүн Айыл чарба министрлиги облус акимчиликтер менен биргеликте бардык чараларды көрүшү керек.
Которгон: Илгиз Жамалабеков