Үчүнчү көмүртек-метионин радиофармацевтикалык препараты үстүбүздөгү жылдын баш оона айында пайдаланууга берилет. Бул айыккыс дартты дарылоонун натыйжалуулугун көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Эскерте кетсек, 2022-жылдын бештин айынан тарта өлкөнүн Ядролук медицина борбору бардык залалдуу шишик ооруларын 60% аныктай ала турган универсалдуу дары чыгара баштаган. Кошумчалай кетсек, 2023-жылдын жалган куран айында ал сөөк метастаздарынын бардык түрлөрүн диагностикалоодо колдонулган препарат өндүрдү.
Максат Жайымбаев, радиоизотоптук диагностика дарыгери:
- Жаңы радиофармацевтикалык каражат көмүртек метионин деп аталат. Көмүртек метионинге келсек, ал негизинен мээдеги неопластикалык же метостаздык процесстерди аныктоо үчүн радиофармацевтикалык каражат болуп саналат.
Айгүл Садуакасова, ядролук медицина борборунун башчысы:
- Хирургиялык операциядан кийин шишик тканынын калдыктары бар же жок экенин билүү абдан кыйын. Бул үчүн биз көмүртек метионинди түздүк. МРТ ыкмалары дайыма эле так натыйжаларды бере бербейт. Азырынча бул ыкма Казакстанда гана бар. Көмүртек метионин даярдоо конкреттүү жана так диагнозду камсыз кылат. Операциядан кийин ал соо ткандарда топтолбой, бул шишик тканы калган жерге гана чогулат жана шишиктин чектерин так аныктоого мүмкүндүк берет. Бул Казакстанда ушул убакка чейин колдонулбаган хирургиялык дарылоонун эффективдүүлүгүн көрсөткөн тесттердин бири. Башкача айтканда, бүгүнкү күнгө чейин мекендештерибиз өз каражатына чет өлкөгө дарыланууга аргасыз болушкан. Эми бул акысыз медициналык жардамдын кепилденген көлөмүнүн алкагында мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков