КСИИде «Президент Токаевдин дипломатиясы» китебинин бет ачары болду

КСИИде «Президент Токаевдин дипломатиясы» китебинин бет ачары болду

Астанада Казакстандын стратегиялык изилдөөлөр институтунунда «Президент Токаевдин дипломатиясы» аттуу жамааттык монографиясынын бет ачары болду. Басылманы алдыңкы аналитиктер жана саясат таануучулар даярдашкан. Китепте мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевдин жетекчилиги астындагы Казакстандын тышкы саясий багыты системалуу түрдө талданган. Авторлор дипломатиянын үч негизги принцибин бөлүп көрсөтүп, өлкөнүн глобалдык чакырыктарга кандайча ыңгайлашып жатканын карашкан. Казакстандын эл аралык уюмдардагы ролуна, интеграциялык демилгелерине жана чет өлкөлөр менен кызматташтыгына өзгөчө көңүл бурулган. Монография интернетте ачык жеткиликтүү болот. Ал адистерге, студенттерге жана өлкөнүн тышкы саясатынын стратегиялык багытына кызыккандарга арналган. Белгилей кетсек, серепчилер Казакстандын орто держава катары ролуна жана анын жакынкы чет өлкөлөр менен байланышына өзгөчө көңүл бурушкан.


Айдар Курмашев, Казакстан  президентине караштуу КСИИнин Азия изилдөө бөлүмүнүн жетекчиси:


- Эл аралык системада ири державалар үстөмдүк кылат, бирок ошого карабастан орто державалар да дүйнөлүк күн тартибин түзүүгө өз салымын кошуп, тынчтык орнотуу боюнча өз демилгелерин көтөрүп, дипломатияны өнүктүрүүсү зарыл. Биринчи кезекте биз өз максаттарыбызга жетишибиз керек.

Которгон: Назира Бегалиева