Казакстан ишенимдүү континенталдык транзиттик хаб болууга ниеттенүүдө

Казакстан ишенимдүү континенталдык транзиттик хаб болууга ниеттенүүдө

Бул тууралуу премьер-министр Алихан Смаилов TAV Airports холдингинин президенти Серкан Каптан менен болгон жолугушууда билдирди. Өкмөт башчы Холдинктин Алматыда жаңы эл аралык терминалды куруу боюнча ири инфраструктуралык долбоорду ишке ашырууга катышуусу өлкөнүн транспорттук-логистикалык дараметин жогорулатууда абдан маанилүү экенин белгиледи. Анын курулушу Борбордук Азия чөлкөмүндөгү эң ири аэропорттордун биринин жүргүнчүлөрдү ташуу агымын олуттуу түрдө көбөйтүүгө жана учуу географиясынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө. Өз кезегинде холдинг жетекчиси жаңы терминал келерки жылы пайдаланууга берилерин жана Казакстандагы башка долбоорлорго катышууну пландап жатканын билдирди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков