Казакстан менен Евробиримдик туруктуу чийки затты, жылыткыч (батарея) жана жашыл суутекти өнүктүрүү боюнча жол картасын иштеп чыгууга киришти. Буга чейин тараптар тиешелүү келишимди бекитишкен. Бул маселе Казакстандын Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү вице-министри Марат Карабаев баштаган Казакстан делегациясынын Брюсселге болгон иш сапарынын алкагында, Еврокомиссиянын жана Европарламенттин өкүлдөрү менен талкууланды. Жыйында бул тармакта жаңы өндүрүш жайларын ачуу жана көмүртек калдыктарды чыгарууну азайтуу маселеси каралды. Европалыктар өлкөнүн ишканаларында эл аралык стандарттарды киргизүүгө көңүл буруу керектигин баса белгилешти. Ал эми Казакстан делегациясы кадрларды даярдоо, адистерди Европа өлкөлөрүндө илимий такшалмадан өткөрүү жана кен жайларын санариптештирүүнүн маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурушту.
Марат Карабаев, Казакстандын Индустрия жана инфраструктуралык өнүктүрүү вице-министри:
Ал эми эң актуалдуу маселелерибиз бул азыр бизде Европанын өзүндө эң керектүү делген 30 материал бекитилип турат. Башкача айтканда, сейрек кездешүүчү пайдалуу кен байлыктарын камсыздайт. Биз муну бир нече ирет айтканбыз. Анын ичинде 16сы Казакстанда өндүрүлөт. Калган тогузу боюнча тиешелүү кен жайлары бар. Ал эми бешөө боюнча канча кен жайлары бар экенин билбейбиз. Бирок геологиялык изилдөөлөр жүргүзүлүшү керек деп жатабыз. Биздин алдыга коюп жаткан максатыбыз, 9 жаңы материал бар өндүрүштү ачууга Европадан инвестиция жана технологияны тартуу.
Питер Хэндли, Еврокомиссия башкы мүдүрүнүн чийки зат бөлүм башчысы:
Казакстан менен Евробиримдиктин ортосунда ушундай меморандумга кол коюлганына кубанычтабыз. Ыкчам макулдашуунун аркасында бардык тараптардын катышуусу менен жол картасын даярдоого мүмкүнчүлүк бар. Биз жашыл экономикага жана санариптештирүүгө өтүү үчүн зарыл болгон келечектин технологиясына карай бара жатабыз. Туруктуу чийки зат, жылыткыч (батарея) жана жашыл суутек - үч маанилүү багыт болуп саналат. Алар пайдалуу кендерди чалгындоодон баштап чийки затты кайра иштетүүгө чейинки бүткүл бааны калыптандырууда маанилүү роль ойнойт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков