Жаңы демилгелердин жалпы баасы 1 триллион теңгеден ашат. Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, көпчүлүгү курулуш, тамак-аш өнөр жайы, унаа жасоо жана металлургия тармагына тиешелүү. Ири долбоорлордун катарында – көмүр өндүрүүнүн циклдик технологиясын айтууга болот. Анын максаты - 230 метр тереңдиктен табигый отундун корлорун толук жана натыйжалуу өндүрүүгө багытталган. Мындан тышкары жылына 240 миң тоннага чейин өнүм чыгарууга жөндөмдүү ферроэритме заводун куруу көздөлгөн. Буга кошумча, кокс өнүмүн чыгаруучу өндүрүш борбору өз ишин баштайт. Жаңы ишкана 400 миң тоннага чейин өнүм өндүрөт деп күтүлүүдө. Сода жана туз кислотасын чыгаруучу химиялык заводдун долбоору колго алынгандыгын да айта кетуу керек. Ал маанилүү өнөр жай реагенттеринин импортун бир топ кыскартып, Казакстандын жана коңшу мамлекеттердин ишканаларын өнүмдөрү менен камсыз кылууга жардам берет. Белгилей кетсек, инвестициялык долбоорлордо Астана шаары, Актөбе жана Алматы облустары алдыңкы орунда турат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков