Казакстанда транзиттик дараметти чыңдоо чаралары

Казакстанда транзиттик дараметти чыңдоо чаралары

Өлкөнүн Индустрия жана инфраструктуралык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, темир жол каттамын өнүктүрүү максатында алардын үчөө 2025-жылга чейин пайдаланууга берилет. Ошол эле учурда Достук-Мойнты участкасынын экинчи жолу курулат. Мунун аркасында Кытай менен Европанын ортосундагы транзиттик жүк ташуулардын көлөмү жана кубаттуулугу беш эсеге чейин өсүүгө тийиш. Ал эми Дарбаза-Мактаарал темир жол линиясы ишке киргенде Борбордук Азия менен Иран жана Перс булуңундагы өлкөлөр ортосундагы транзиттик жол кыскарат. Үчүнчү долбоор – Алматыны айланып өтүүчү темир жол линиясы. Анын курулушу Кытайдан, Азия-Тынч океан аймагынан Борбор Азияга жана Европага жүктөрдү жеткирүү мөөнөтүн бир күнгө кыскартат. Белгилей кетсек, Казакстандын аймагы аркылуу 13 эл аралык транспорт коридору, тактап айтканда беш темир жол жана сегиз автоунаа коридору өтөт. Акыркы 15 жылда бул тармакка 35 миллиард доллар инвестиция тартылды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков