Казакстанда мобилдик төлөмдөр жана которуулар мыйзам менен жөнгө салынат. Парламенттин төмөнкү палатасынын пленардык жыйынында өлкөнүн Салык кодексине киргизилген жаңы өзгөртүүлөр тууралуу маселе каралды. Мажилис депутаттары соңку кездери ата мекендик ишкерлер товарлар же кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм катары электрондук төлөмдөрдү жигердүү колдонуп жатканын айтышат. Үстүбүздөгү жылдын 8 айында эле казакстандыктар өлкөдөгү банктардын мобилдик тиркемелери аркылуу 43 триллион теңгеден ашык акча которгон. Көмүскө бизнести ачыктоо максатында депутаттар мыйзам долбооруна киргизилген жаңычылдыктарды биринчи окууда жактырышты. Алар ишкерлердин салык төлөөсүн оптималдаштырууга гана эмес, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого да багытталган.
Сергей Симонов, Каржы жана бюджет комитетинин мүчөсү, РКнын Парламент Мажилисинин депутаты:
- Бул мыйзам долбоорунда биз Мобилдик төлөмдөр деген эмне сыяктуу түшүнүктү конкреттүү киргизүүгө аракет кылдык. Бул азыркы учурда Салык кодексине киргизилген төлөм формаларынын бири. Анткени бизде Салык кодексинде эки гана төлөм формасы бар. Бул накталай жана пост-терминалдар аркылуу карталык которуулар. Ал товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө фискалдык чекти милдеттүү түрдө көрсөтүү менен жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, мыйзам кабыл алынгандан кийин экинчи деңгээлдеги каржылык институттар өз ишмердүүлүгүн финансылык өнүмдөрү жакшыртууга багыттоого тийиш. Алар накталай төлөмдөрдү жана бизнес жүргүзүү үчүн эсептерди бөлүштүрүү, мобилдик которуулар аркылуу төлөөдө чектерди берүү тартибин жакшыртуу жана жалпысынан мобилдик тиркемелерди модернизациялоо. Эми системада которуу дегенден тышкары төлөм деген функция пайда болушу керек.
Марат Султангазиев, РКнын Каржы вице-министри:
- Эгерде которуу болсо, алар туугандардын ортосунда жүргүзүлөт. Биз бүгүн талкуулагандай, төлөм - товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсептөөдө колдонулушу керек. Көрсөтүлгөн кызматтардын баасын төлөгөн кезде, сиз төлөм белгисин калтырууңуз керек. Биз салык органдары менен төлөмдөрдүн аталган түрлөрү боюнча маалымат алмашып, экинчи деңгээлдеги банктардан маалымат алабыз.
Бул ишкерлер үчүн салыктын жаңы түрү киргизилет дегенди билдирбейт, дешет мажилис депутаттары. Төлөм-жүргүзүү мөөнөттөрү жана отчет берүү тартиби өзгөрүүсүз калат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков