Казакстан Кытайга эттин көлөмүн көбөйтөт. Ата мекендик үч компания уй этин КЭРна экспорттоону пландап жатат. Жетишилген макулдашууларга ылайык, анын баасы акчалай алганда 75 миллион долларга барабар. Белгилей кетсек, Кытай Казакстандын айыл чарба тармагындагы үч ири соода өнөктөшүнүн бири. Өткөн жылы гана эки өлкөнүн ортосундагы агро өнөр жай комплекси өнүмдөрүнүн товар жүгүртүүсү АКШ валютасында 1 миллиард 300 миллион долларды түздү. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 67%га көп. Кытайга ата мекендик айыл чарба өнүмдөрүнүн экспортунун көлөмү эки эсеге өсүп, бир миллиард долларга жетти. КЭРна негизинен дан жана май өсүмдүктөрү берилгенине карабастан, мал чарба өнүмдөрүнүн эсебинен экспорттун көлөмүн көбөйтүү көздөлүп жатат.
Аскар Жубатыров, Казакстан эт биримдигинин аткаруучу мүдүрү:
– Иш 2019-жылы, коронавирустук пандемияга чейин башталган. Товарлар жөнөтүлүп жатты. Туруктуу экспорттук товарлар да бар. Туруктуу кардарларыбыз да бар. Биз негизинен тоңдурулган уй этин жөнөтөбүз. Муздатылган уй этин экспорттоодо Казакстандын көптөгөн артыкчылыктары бар. Айрыкча кошумча өнүмдөргө суроо-талап жогору. Анткени, бул өнүмдөр жалпы эт менен бирдей киреше алып келет. Биз да ага умтулабыз. Мындан тышкары, өлкөдө жылкы этинин чоң дарамети бар. Ата мекендик компания ЕБ менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Учурда Камбар ата төлүнүн этин Евразия аймагына жеткирүү иштери жүрүп жатат. Атап айтканда, кызыккан өлкөлөр Франция, Бельгия жана Италия. Буга кошумча Жапонияны да карап жатабыз.
Чет өлкөгө товар жеткирип жаткан ата мекендик ишкерлердин тизмеси дагы кеңейтилет. Ошону менен бирге экспорттолуучу өнүмдүн номенклатурасын жогорулатуу боюнча иштер улантылууда. Агро өнөр жай комплекси өнүмдөрүнүн дагы 10 түрү өздөштүрүлүп жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков