Түркестан облусунун экономикасына тикелей чет элдик
инвестициялардын көлөмү дээрлик 1,5 миллиард долларга жетти. Өткөн жылы облуста
340 миллиард теңгеге 58 инвестициялык долбоор ишке ашырылган. Облустун өнүгүүсү
жана келечеги тууралуу мамлекет башчысына аким Нуралхан Кушеров баяндама
жасады. Облустун экономикасынын өсүшү 113%дан ашты. Индустриалдык зоналар
туруктуу өнүгүүнү көрсөтүүдө – алардын облуста 21и бар. Бир гана «Turan» эркин
экономикалык аймагында 315 миллиард теңгеге 26 долбоор ишке ашырылууда. Облуста
пахта-текстиль, жүгөрү жана эт кластерлери өнүгүүдө. Алар толук ишке киргенден
кийин 2027-жылга чейин айыл чарба өнүмдөрүн өндүрүү 480 миллиард теңгеге
көбөйөт деп күтүлүүдө. Касым-Жомарт Токаев инвестиция тартуу, айыл чарбасын
жана өнөр жайын өнүктүрүү боюнча ишти улантууну тапшырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

