Казакстанда 5 жылдын ичинде машина куруу тармагындагы
өндүрүш көлөмүн 2 эседен ашык, экспортту 3 эсеге жакын, инвестицияны 1,5 эсеге
көбөйтүү пландаштырылууда. Өкмөт тармакты өнүктүрүүнүн комплекстүү планын карап
чыкты. Ал 2028-жылга пландаштырылган. Мамлекет башчынын тапшырмасына
ылайык, бул документтин үстүндө жүргүзүлүп жаткан иштер тармакты мындан
ары өнүктүрүүгө чоң түрткү бериши керек. Алихан Смайылов белгилегендей,
аны даярдоодо бизнестин, атап айтканда, Казакстандын машина жасоочу
бирикмесинин сунуштары эске алынган. Комплекстүү план 83 иш-чараны камтыйт.
Алар ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоого жана машина куруу тармагынын
атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Ошондой эле тоо-кен
жана металлургия, айыл чарба, авиациялык өндүрүш сыяктуу тармактар боюнча
конкреттүү иш-чаралар белгиленген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков