Борбор калаада Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр менен толуктоолорду жаштарга түшүндүрүү боюнча атайын семинар өттү. Иш-чарага республикалык жана облустук жаштар уюмдарынын лидерлери жана активдүү студенттер катышты. Жаш муундун өкүлдөрү алдыдагы референдумга байланыштуу суроолорду берип, өлкөнүн өнүгүүсү боюнча ой бөлүштү.
Жанар Каликан кызы, Казакстандын ПАМБ академиясынын Электоралдык окутуу борборунун башчысы:
- Референдумга катыша турган шайлоочулардын жалпы саны 12 миллиондон ашат деп болжолдонууда. Анын ичинде жаштар төрттөн бир бөлүгүн түзөт. Ошондуктан жаштарыбыздын жигердүү катышуусу үчүн түшүндүрүү-окутуу семинарын өткөрүп жатабыз. Конституцияга кандай өзгөртүүлөр киргизилет? Жаштарга маанилүү жагын түшүндүрөбүз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков