Жаштардын бизнес демилгелерин ишке ашырууга эмгек министрлиги 45 286 грант бөлдү

Жаштардын бизнес демилгелерин ишке ашырууга эмгек министрлиги 45 286 грант бөлдү

Жаш ишкерлерди колдоо программасынын алкагында бүгүнкү күнгө чейин Эмгек министрлиги 45 286 грант бөлгөн. Ал эми ушул жылдын 6 айында 546 жаш адис өз ишин баштоого колдоо алышты. Бул тууралуу Калкты иш менен камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Аяулым Берекенова билдирди. Анын айтымында, жыл аягына чейин каржылык жардам алгандардын саны өсөт. Белгилей кетсек, жаштарды колдоо үчүн гранттар 2018-жылдан бери бөлүнүп келе жатат. Мындан 4 жыл мурун 568 жаш ишкер, 2019-жылы 22 миңдей, 2020-жылы 11 миңге жакын, ал эми өткөн жылы 11 жарым миңден ашуун жаштар министрликтен жардам алышкан. Быйылкы жылы план боюнча алардын санын он миңге жеткирүү көздөлүүдө.

Аяулым Берекенова, Казакстандын эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлигинин калкты жумуш менен камсыз кылуу департамент башкармалыгынын башчысы:

Грант алуучулар каражаттарды бизнес-пландарын ишке ашыруу үчүн колдонушат. Бүгүнкү күндө алардын көлөмү 400 айлык эсептик көрсөткүчтү түзөт. Теңге менен айта турган болсок 1 миллион 225 миң. Кошумчалай кетсек, грант алган жаштардын жаш курагы 29 жаштан ашпоого тийиш. 2019-жылдан бери жаштарга өзгөчө көңүл буруп келебиз. Аларды атайын топ кылып чогултуп, жыл сайын берилүүчү гранттардын 50 пайызынан кем эмесин бөлөбүз.

Ошондой эле, министрлик быйыл биринчи жолу жумуш орундарынын онлайн жарманкесин өткөрдү. Белгилей кетсек, долбоор 35 жашка чейинки жаштарды ишке орноштурууга багытталган.

Аяулым Берекенова, Казакстандын эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлигинин калкты жумуш менен камсыз кылуу департамент башкармалыгынын башчысы:

- Биз ар дайым эмгек рыногун өнүктүрүп келебиз. Эми быйылкы жылдын жаңылыгы бул – электрондук эмгек биржасында жалпы бош орундардын жарманкесин өткөргөнүбүз. Ага өлкөнүн 20дан ашык негизги иш берүүчүлөрү катышты. 1300гө жакын бош орундарды сунушташты. Аларга 18ден  35 жашка чейинки 1377 жаштар резюмесин жөнөтүшкөн.

Онлайн-жарманкеде 100дөн ашык жаш адистер иш берүүчү менен түз маектешишти. Министрликтин өкүлүнүн айтымында, долбоордун жыйынтыгы алдыдагы убакытта жарыяланат.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков