Казакстанда алдыдагы 10 жылда газ өндүрүү 40%га өсөт

Казакстанда алдыдагы 10 жылда газ өндүрүү 40%га өсөт

Алдыдагы он жылдын ичинде Казакстанда газ өндүрүү 40%га көбөйөт. Серепчилик компаниянын маалыматы боюнча, Казакстан жылына кеминде 70 миллиард кубометр газ өндүрөт. Алардын жарымына жакыны кайрадан пластка жөнөтүлөт. Бул кен жайларынын калыптануу басымын кармап туруу үчүн керек. Иштетилген 27 миллиард кубометр газдын 17 миллиарддан ашыгы ички рынокко, калганы экспортко багытталат. Жалпысынан бул чийки затты керектөө көлөмү акыркы жылдары көбөйгөн. Акыркы беш жылда Казакстанда товардык газды колдонуу 63%га өстү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков