Казакстанда жөндөмдүү спортчулар үчүн спорт комплекси, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялык борборлор жана өзгөчө муктаждыгы бар адамдар үчүн машыгуу борборлору курулат. Бул объектилердин курулушу мамлекеттин пайдасына 525 миллиард теңгеден ашык мыйзамсыз бөлүнгөн каражатты которуу жолу менен ишке ашат. Активдерди кайтаруу боюнча Комиссия аталган социалдык долбоорлорду ишке ашырууга тиешелүү макулдашууларды жактырды. Мамлекет башчысы белгилегендей, кайтарылган бардык каражаттар казакстандыктардын жыргалчылыгы үчүн иштеши керек. Жыл башынан бери Комиссия жалпы суммасы 900 миллиард теңгеден ашкан кайтарылган активдер боюнча келишимдерди кабыл алды. Бул каражаттарга бир катар социалдык инфраструктуралык объекттердин курулушу башталды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков