Германияда коронавирустун таралуусу боюнча жаңы абсолюттук антирекорд катталды. Соңку 24 сааттын ичинде гана биринчи жолу 300 миңден ашуун инфекция жуктуруу учуру аныкталды. Бул - пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Серепчилер Европа өлкөлөрүндөгү илдетке чалдыгуунун өрчүшүн ооруга каршы чаралардын жеңилдеши, ошондой эле, Omicron штаммынын тез таралуусу менен байланыштырышууда. Эске сала кетсек, Германиядагы башка чек аралаш өлкөлөр менен салыштырганда соңку ковид чектөөлөрү өткөн деп алыш күндөрү гана алынып салынган. Федералдык деңгээлде вакцина албагандарга жумушка келүү үчүн ПЧР-тесттен өтүү зарыл эмес. Өлкөдө массалык иш-чараларды өткөзүүгө уруксат берилди. Анткен менен көптөгөн аймактар инфекциянын көбөйүшүнө байланыштуу кээ бир иш-чараларды чын куран айынын экисине чейин калтыруу чечимин кабыл алды. Бийлик жарандарды вакцина алууга чакырууда. Акыркы маалыматтар боюнча, немистердин 23% эмдөөдөн өтө элек.
Антониа, Берлин тургуну:
- Менин оюмча, инфекцияны жуктургандардын көптүгү анчалык деле татаал маселе эмес. Анткени көптөгөн адамдар вакцина алган. Ошондой эле, вирус көп учурда жеңил өтөт. Ошону менен катар, көбү айыгып чыккандар. Бир калыптуу өмүргө кайтууга аракет кылышыбыз керек. Бирок беткап тагынуу режимин калтырган туура деп ойлойм. Бул коргонуу жана негизинен, ал кадимки жашоодо кедергисин тийгизбейт.
Каролин, Берлин тургуну:
- Менин пикиримде, ковид чектөөлөрү коомдук транспорт менен ооруканаларда сакталуусу керек. Ал эми көчөдө аны алып таштоо убакыты келди. Албетте, өлкөгө келген кезде карантинге алууну жоюп салган туура болот. Мен үчүн 10 күн үйдө отуруп, эч жакка чыкпоо өтө кыйын болду.
Которгон: Диналиана Джунушева