Казакстан сууну үнөмдөө технологиялары боюнча Кытайдын тажрыйбасын өздөштүрөт

Казакстан сууну үнөмдөө технологиялары боюнча Кытайдын тажрыйбасын өздөштүрөт

Казакстан Кытайдын суу үнөмдөө технологиясын изилдөөгө кызыкдар. Өлкөнүн соода жана интеграция министри Серик Жумангариндин айтымында, Кытай Эл Республикасында бул багыттагы эффективдүү практикалык чечимдер топтолгон. Башкармалыктын башчысы Кытайга болгон иш сапарынын алкагында Шинжаң-Уйгур автономиялык районунун башчысы менен жолугушууда ресурстарды ысырап кылбоо маселесин талкуулоону мерчемдеп жатат. Буга байланыштуу Казакстандын Айыл чарба министрлиги 2023-2026-жылдарга сууну үнөмдүү пайдалануу боюнча Жол картасынын долбоорун иштеп чыкканын белгилей кетүү керек. Документте ээриген кар сууларын чогултуу үчүн жаңы объектилерди куруу, мамлекеттер аралык каналдарды модернизациялоо, коңшу өлкөлөрдөн келген сууну эсепке алуу системасын жакшыртуу боюнча иш-чаралар камтылган. Мындан тышкары, өлкөнүн агрардык секторун мамлекеттик колдоо механизмдерин өркүндөтүүгө жана айдоо жерлерин ар тараптандыруу жана сууну үнөмдөө технологияларын заманбап эсепке алуу системасын киргизүүгө багытталган бир катар жаңы долбоорлор бар. Эске сала кетсек, бугу айында өткөн “Кытай – Борбор Азия” саммитинде Казакстандын президенти КЭР менен биргеликте суу ресурстарын башкаруу тармагына жаңы технологияларды киргизүү программасын иштеп чыгууну сунуштаган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков