Казакстандыктарды эвакуациялаган үчүнчү рейс даярдалып жатат

Казакстандыктарды эвакуациялаган үчүнчү рейс даярдалып жатат

Казакстандыктарды Польша аркылуу Украинадан эвакуациялоо үчүн үчүнчү рейс даярдалууда. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда бортту толтуруу максатында казакстандыктар чогулуп жатат. Азыркы учурда Польшада 70ке жакын казакстандык мекенине кайтууну көздөп турат. Алар өлкө жарандарын сабырдуулукка чакырып, ата мекендик дипломаттардан алар тууралуу маалымат берүүнү суранышты. Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, дагы 89га жакын казакстандык Украина-Польша чек арасы көздөй бет алышкан.

Дмитрий Щебет, Казакстандын жараны:

- Бүгүн Киевдеги элчиликтен мекендештерибиздин үч автобусун күтүп жатабыз. Мен Украинадагы Казакстан элине кайрылгым келет. Достор, Киевдеги элчиликке, Львовдогу ардактуу консулдукка баргыла. Дипломаттарга чалып, байланышыңыздар. Алар сиздерге милдеттүү түрдө жардам беришет. Тамак-аш жана турак жай менен камсыз кылат. Биз сиздерди күтөбүз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков