Жасалма интеллект арал деңизин сактап калууга жардам берет

Жасалма интеллект арал деңизин сактап калууга жардам берет

Жасалма интеллект Арал деңизин сактап калууга жардам берет. Аталган аймакта суу ресурстарына мониторинг жүргүзүү жана башкаруу үчүн санариптик технологиялар киргизилип жатат. Башкача айтканда, тиричиликтин булагын эске алуу, талдоо жана бөлүштүрүүнүн бирдиктүү автоматташтырылган тутумун түзүү пландаштырылган. Санариптик трансформация сууну пайдалануунун ачыктыгын арттырат, чыгымдарды азайтат. Акылдуу тутум сууну ысырап кылбай, натыйжалуу пайдаланууга көмөктөшөт. Премьер-министрдин Астанада өткөн Эл аралык Аралды куткаруу фондунун башкармалыгынын экинчи отурумуна катышуучу өлкөлөрдүн делегация башчылары менен жолугушуусунда деңиздеги суунун деңгээлин арттыруу максатындагы биргелешкен чаралар каралды. Олжас Бектенов Казакстандын Борбор Азия өлкөлөрү менен суу ресурстары жаатындагы кызматташтыгын тереңдетүүгө ниеттенип жатканын билдирди. Ал биргелешип аракеттенүү менен гана аймакта туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууга болорун белгиледи.

Олжас Бектенов, Казакстан Премьер-министри:

- Ар бир өлкөнүн өз улуттук кызыкчылыгы бар, биз аны ар дайым коргоого милдеттүүбүз. Бирок биздин орток стратегиялык, узак мөөнөттүү башкы максатыбыз таттуу кошуналык мамиле экени талашсыз. Күндөлүк, кыска мөөнөттүү милдеттерди чечүүдө биз узак мөөнөттүү артыкчылыктарга зыян келтирбешибиз керек. Маселелерди ар дайым өз ара пайдалуу жана ыңгайлуу негизде чечүү үчүн биргелешкен чаралар кабыл алаарыбызга ишенем.

Бүгүнкү күндө Арал деңизинин бассейнинде экосистеманы калыбына келтирүүгө, суу менен камсыздоону жакшыртууга жана аймактын туруктуулугун арттырууга багытталган 40тан ашык экологиялык долбоор ишке ашырылууда. Бул тууралуу Астанада өткөн Эл аралык Аралды сактоо фондунун башкармалыгынын экинчи отурумунун алкагында айтылды. Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Кыргызстандын өкүлдөрү суу сактагычты сактоо туруктуу өнүгүү, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздук, ошондой эле миллиондогон адамдардын жашоо сапаты менен байланыштуу глобалдык экологиялык күн тартибинин бир бөлүгү экенин белгилешти.

Которгон: Илгиз Жамалбеков