Жапония менен 3,7 млрд долларлык келишим түзүлдү

Жапония менен 3,7 млрд долларлык келишим түзүлдү

Казакстан менен Жапония 3 миллиард 700 миллион долларды түзгөн 60тан ашык келишимге кол койду. Бул президент Касым-Жомарт Токаевдин Токиого болгон расмий сапарынын жыйынтыгы. Мамлекет башчысы «Борбордук Азия – Жапония» бизнес-форумунда белгилегендей, жетишилген макулдашуулар жаңы инвестициялык долбоорлорду баштоого жана эки өлкөнүн компанияларынын ортосундагы ишкердик байланыштарды кеңейтүүгө негиз түзөт. Ошондой эле, ишкерлер жашыл өнүгүү, санариптик трансформациянын келечегин талкуулашты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков