Казакстандын жол курулушундагы эл аралык тажрыйбасы

Дүйнөлүк банктын Европа менен Борбордук Азиянын транспорттук инфраструктурасын жаңылоого багытталган инвестициясынын дээрлик жарымы Казакстанга таандык. Бул тууралуу аталган каржы мекемесинин өлкөдөгү туруктуу өкүлү билдирди. Азыр бул банктын каржылоосу менен жалпы баасы 3,2 миллиард долларды түзгөн эки ири долбоор ишке ашырылууда. Бул өлкөнүн түштүк менен батышын, чыгышы менен батышын бириктирген эл аралык транспорт коридору. Пландаштырылган эки миң чарчы жолдун 1600дөн ашыгы салынып, бүткөрүлдү. Ошондой эле, азыр тараптар өлкөнүн түштүгү менен түндүгүнүн ортосундагы 4 тилкелүү жолдун курулушуна даярданууда. Долбоор Транскаспий эл аралык каттамын мультимодалдык өнүктүрүүгө түрткү берет.

Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:

-Биз мындан аркы кызматташууга кызыкдарбыз. Бардык зарыл чечимдер тез арада кабыл алынышы керек. Бүгүн абдан маанилүү маселе көтөрүлдү. Жергиликтүү камтуунун үлүшүн көбөйтүү жана Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган долбоорлорду ишке ашырууга казакстандык компаниялардын катышуусу үчүн шарттарды түзүү. Биз бул демилгелерди толугу менен колдойбуз жана жергиликтүү бизнести, компетенттүүлүктү өнүктүрүү биз үчүн абдан маанилүү. Биз бул маселе боюнча чогуу иш алып барабыз.

Ошондой эле жыйында SuperPave принциптери өлкөдө 2025-жылы ишке ашырыла турганы айтылды. Асфальт-бетонду иштеп чыгуунун бул ата мекендик ыкмасы дүйнөлүк талаптарга жооп берет. Башкача айтканда, бул жолдун жогорку сапатын камсыз кылат. Ошондой эле келерки жылы жол курулуш материалдарынын сапатын көзөмөлдөө боюнча бирдиктүү санариптик платформа ишке киргизилет. Учурда система пилоттук режимде 4 аймакта иштеп жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков