Акмоло облусунда «Jana Dala/Green Day» масштабдуу айыл
чарба көргөзмөсү өттү. Салттуу агрардык форум талаа күнү форматында
республикадагы агро өнөржай комплексиндеги заманбап технологиялардын, жогорку
өндүрүмдүү техниканын, ошондой эле агрардык өндүрүш жаатындагы инновациялык
иштеп чыгуулардын эң ири демонстрациялык аянты болуп саналат. Бул жерге 20дан
ашык өлкөдөн келген компаниялар чогулуп, 500дөн ашык айыл чарба техникасын жана
жогорку технологиялык жабдууларды тартуулашты. Көргөзмөгө коюлган үлгүлөргө
суроо-талап чоң.
Адильхан Сагимбаев, Көргөзмөнүн уюштуруучусу:
- Элестетсеңиз, техника келе жатат. Анын артында менеджерлердин бири сүйлөп
жатат. Аны биздин дыйкандар ээрчип жүрүшөт. Бул техниканын топурак менен
иштөөсүн карагыла. Менеджерлер - алар дыйкандардын ар бир эшигин тыкылдатышат.
Алар көргөзмөдөн тышкары, көргөзмөнүн артындагы визиттик баракчаларын алып,
аларга барышат.
Бул жерде ветеринария, агрономия, агрохимия жана органикалык дыйканчылык жаатындагы инновациялык иштеп чыгууларды, ошондой эле генетика, селекция, мал чарбачылыгы тармагындагы жетишкендиктерди көрүүгө мүмкүн болду. Бул жерде асыл тукум бука өстүрүүчүлөрдүн сынагы болуп өттү, бул үчүн өлкө боюнча 30 баш мал алып келишти. Бул ата мекендик климатка ылайыкташтырылган атайын чыгарылган «казак» породасы. Айта кетсек, бул породага быйыл 75 жыл толду. Аграрчылар жана малчылар белгилегендей, Jana Dala/Green Day көргөзмөсү алар үчүн жаңы технологияларды үйрөнүүгө, заманбап техника менен таанышууга, ошондой эле тажрыйба алмашууга эң сонун мүмкүнчүлүк болуп саналат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

