Казакстан мөмө-жемиштердин импортун азайтат. Тактап айтканда, сезондук өнүмдөрдү чет жактан сатып алуунун көлөмү кыскарат. Бул үчүн атайын инвестициялык долбоорлор колго алынып, ийгиликтүү ишке ашырылууда. Негизги максат салттуу багбанчылыкка эмес, заманбап техникага басым жасоо. Бул алма сымал мөмө-жемиштердин түшүмдүүлүгүн 5 эсеге көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Башкача айтканда, 2025-жылга чейин дыйкандар мурдагыдай 7 тоннанын ордуна 30 тоннага чейин түшүм ала алышат. Жакынкы үч жылда жашылча кампаларынын санын көбөйтүүгө көңүл бурулуп, ишкерлерди кызыктыруу чаралары каралат.
Азат Султанов, Казакстандын айыл чарба министрлигинин дыйканчылык департаментинин мүдүрү:
- Азыр картошкага болгон суроо-талапты толук камсыздап жатабыз. Бирок сезон аралык мезгилде тартыштык пайда болууда. Мамлекет башчысынын тапшырмасы боюнча биз ири көлөмдөгү жашылча кампаларын курууну кубаттап жатабыз. Ошентип, республикада чогултулган өнүм ички рыноктун суроо-талаптарын канааттандырууга багытталып, сезон аралыгы толугу менен жабылат. Ал эми ашыкчасы экспортко жөнөтүлөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков