78 казакстандык компания Кытайга өнүм жеткире алат

78 казакстандык компания Кытайга өнүм жеткире алат

Казакстандык дагы 78 компания өз өнүмдөрүн Кытайга жеткире алат. Өлкөнүн өсүмдүк өстүрүүчүлүк ишканалары КЭРдин Башкы бажы башкармалыгынын аккредитациясынан ийгиликтүү өттү. Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, атамекендик айыл чарба өнүмүнүн Кытай рыногуна жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү максатында атайын убактылуу жумушчу топ түзүлдү. Анын отуруму өткөн жылдын аягында жана ушул жылдын башында болгон. Биринчи отурумда кытай тарап ата мекендик кант кызылчасынын экстрактын, канаттуулардын этин экспорттоо боюнча протоколдордун долбоорлоруна, ошондой эле союуга арналган ири бодо мал менен анын териси үчүн ветеринардык сертификаттарга сунуштарды жана түшүнүктөмөлөрдү киргизди. Тиешелүү мекеме Казакстандын ветеринардык жана фитосанитардык кызматкерлерин окутуу боюнча суроо-талап жөнөттү. Бул окутуу казакстандык адистердин Кытайдын айыл чарба өнүмдөрүнө экспорттук талаптарынын өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымдуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет. Жумушчу топтун экинчи отурумунда Кытайдын өкүлдөрү жылкынын этин импорттоого кызыкдар экендигин билдиришти. Алардын айтымында, тиешелүү процедураларды тездетүү зарыл. Тараптардын сүйлөшүүлөрүнүн кийинки раунду келерки айда болот деп күтүлүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков