Мамлекет башчысы иш сапары менен Маңгыстау облусуна келди

Мамлекет башчысы иш сапары менен Маңгыстау облусуна келди

Касым-Жомарт Токаевдин Мангыстау облусуна болгон иш сапары Актаудагы дүң-соода-бөлүштүрүү борборунун иши менен таанышуудан башталды. Мындай объект региондо биринчи жолу курулуп жатат. Борбор регионду азык-түлүк менен камсыз кылуу, керектөөчүлөр ортосундагы ортомчуларды азайтуу жана өнүмгө болгон бааны төмөндөтүү максатында түзүлгөн. Аянты 80 миң чарчы метр болгон комплексте 40 миң тонна өнүм сактоого болот. Долбоорду ишке ашырууга 5 миллиард теңге инвестиция тартылган. Жылдын аягына чейин борбордун экинчи этабын ишке киргизүү көздөлүүдө.  

Касым-Жомарт Токаев Каспий технологиялар жана инжиниринг университетинин аймагында жайгашкан технопарктын иши менен таанышты. Президент эл аралык программа боюнча ІТ-адистерин даярдаган окуу аймагын жана санариптик телекоммуникациялык компетенцияларды өнүктүрүүгө багытталган  жана лабораторияны карап чыкты. Касым-Жомарт Токаев студенттер менен болгон жолугушууда жаңы технологияларды жана жасалма интеллекттин багыттарын өнүктүрүү актуалдуу болуп жатканын белгиледи. Президенттин айтымында, өлкөдө транспорт жана логистика тармагындагы квалификациялуу адистерге суроо-талап жогору. 

Бул BS Arena көп функциялуу спорт комплекси. Мында волейбол жана баскетбол аянтчалары, футзал, жабык жана ачык теннис корттору, бассейн, эр-таймаш өнөрү жана дене тарбия залдары, ошондой эле футбол аянтчасы бар. Касым-Жомарт Токаев жергиликтүү спортчулар менен баарлашып, аларга ийгилик каалады. 

Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн транзиттик дараметин өнүктүрүүдөгү эң маанилүү логистикалык хабдардын бири-Актау эл аралык деңиз порту менен таанышты. Бул жердеги заманбап терминал Чыгыш - Батыш, Түндүк - Түштүк багыттары боюнча күнү-түнү жүктөө жана түшүрүү кызматтарын сунуштайт. Аймакта 24 инфраструктуралык долбоор ишке ашырылууда, анын баасы 2 триллион теңгеге жакын. Актауда контейнердик хаб курулуп жатат. Долбоор порттун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатат. Мамлекет башчысы Кендерли курортунун аймагындагы аэропорттун курулушун тез арада бүткөрүүнү тапшырды. Регион Казакстандын Евразиянын транспорттук-логистикалык хабына айланышында өзгөчө орунду ээлейт. Анткени, бул милдеттин стратегиялык мааниси чоң.  

Которгон: Илгиз Жамалбеков