Астанада «Борбор Азия + Жапония» серепчилик диалогу өттү

Астанада «Борбор Азия + Жапония» серепчилик диалогу өттү

Астанадагы серепчилер Борбор Азия менен Жапониянын өз ара аракеттешүүсүнүн негизги аспектилерин, анын ичинде эки тараптуу жана аймактык кызматташтык, ошондой эле тышкы саясат маселелерин талкуулашты. Региондогу жана Күн чыгыш өлкөсүндөгү алдыңкы мээ борборлорунун өкүлдөрүнүн диалогу биринчи жолу Президентке караштуу Стратегиялык изилдөөлөр боюнча Казакстан институту, ошондой эле Жапониянын дипломатиялык өкүлчүлүгү уюштурду. Максут Нарикбаев университетинин аянтчасында жолугушуунун катышуучулары экономика, саясат, коопсуздук, билим берүү, ошондой эле илим жана инвестициялар жаатындагы өз ара аракеттешүү маселелерине токтолушту. Акыркы багыт тууралуу айтып жатып, Казакстан стратегиялык изилдөөлөр институтунун башчысы Казакстан Жапонияны жалпы аймактын экономикасына маанилүү инвестор жана транспорт-логистика тармагындагы технологиялардын генератору катары карай турганын баса белгиледи. Шаардын инфраструктурасын жакшыртуу маселеси да маанилүү болуп саналат. Айта кетсек, күн чыгыш өлкөсү шаар чөйрөсүн өнүктүрүүгө, транспорттук инфраструктураны жакшыртууга жана шаарларды башкарууга заманбап технологияларды киргизүүгө карата тең салмактуу мамиле жасоо чөйрөсүндө уникалдуу тажрыйбага ээ. Өз кезегинде Казакстан электрондук өкмөттү өнүктүрүү боюнча 193 өлкөнүн ичинен 24-орунда турат жана Жапонияга санариптик өнүмдөрүн сунуштай алат.


Итиро Кавабата, Казакстандагы Жапониянын элчиси:


- Бул серепчилердин конкреттүү долбоорлорду талкуулоо үчүн жолугушуу эмес. Биздин милдет-биздин көз карашыбызда кандай жалпылык бар экендигин жана кандай маселелерди чечүү керектигин билүү. «Орто державалардын» бири-бири менен кызматташуусу абдан маанилүү. Эки тараптуу мамилелер жөнүндө сөз кыла турган болсок, албетте, билим берүү, инфраструктура, адам капиталы, климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу маселелерди чечүү жана башка тармактарда кызматташтыкты өнүктүрүүгө болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков