Жаңы үч облустун административдик имараттарын сатып алууга, оңдоого жана ижарага берүүгө 12 миллиард теңге жумшалат. Анын ичинен Алматы облусуна 3,5 миллиард теңге, Улытау облусуна 7,6 миллиард теңге жана Абай облусуна 839 миллион теңге каралып жатат. Бул тууралуу Улуттук экономика министрлиги билдирди. Алибек Куантыровдун айтымында, жаңы облустардын чек арасын аныктоодо жергиликтүү элдин пикири, аймактын экономикалык жана инфраструктуралык дарамети, калктын саны эске алынат.
Алибек Куантыров, Казакстандын улуттук экономика министри:
- Азыркы учурда жаңы түзүлгөн аймактарда борбордук мамлекеттик органдардын штатын белгилөө боюнча иштер жүрүп жатат. Андан кийин бюджет менен муниципалдык менчиктер бөлүнөт. Биз жер-жерлерде болуп, облус борборлорунун инфраструктуралык объектилеринин, кыймылсыз мүлк фондунун даярдыгын, административдик имараттарды оңдоо зарылдыгын талдап чыктык. Биздин алдын ала эсептөөлөр боюнча, керектүү сумма 12 миллиард теңге. Бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүү маселеси өлкөнүн мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков