Алматы облусунун аймактык ички продуктусу үч жылда 6 трлн теңгеге чейин өстү

Алматы облусунун аймактык ички продуктусу үч жылда 6 трлн теңгеге чейин өстү

Казакстандын Президенти Алматы облусунун акимин кабыл алды. Марат Султангазиев Касым-Жомарт Токаевге аймактын негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү, ошондой эле Алматы агломерациясын өнүктүрүү планы жөнүндө баяндады. Аймак айыл чарбасына арналган мамлекеттик субсидияларды натыйжалуу пайдаланган алдыңкы аймактардын бири. Башкача айтканда, бул аймакта 1 теңге субсидияга 17 теңгеге чейин айыл чарба өнүмдөрү өндүрүлөт. Ошону менен катар, чет өлкөдө Алматы облусунун кайра иштетүү өнөр жайынын өнүмдөрү да суроо-талапка ээ. Быйылкы 9 айда алардын экспорту 28,5%га көбөйүп, 618,5 млн долларга жеткен. Марат Султангазиев акыркы 3 жылда облустун жалпы аймактык өнүмү 2 эсеге жакын артып, 6 трлн теңгеге чейин өскөнүн айтты. 

Марат Султангазиев, Алматы облусунун акими: 

- Быйылкы жылы 10 айда кыска мөөнөттүү экономикалык индикатор 109,7% түздү. Эл аралык компаниялардын катышуусу менен жалпы суммасы 470 млрд теңге болгон 13 инвестициялык долбоор ишке ашырылууда. Товардык сүт фермаларынын тармагы кеңейип келе жатат. Быйыл 950 миң чарчы метрге жакын турак жай пайдаланууга берилип, турак жай менен камсыздоо мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилүүдө. Капчагай суу сактагычы, Улуттук сейил бактардын айланасында туристтик кластерлер тездик менен өнүгүп, аймакка келген туристтердин саны 2,2 млн адамга жетти. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 36% көп. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков