Казакстандын Президенти Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышты. Мааракелик жылда биригүү үчүн ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн лидерлери Орусияда, Санкт-Петербургдун жанында жолугушту. Армениянын премьер-министри Никол Пашинян тар курамдагы жолугушууда видеобайланыш аркылуу төрагалыктын жыйынтыгын чыгарды. Тараптар күн тартибин – жалпы электр энергетикалык рынокту түзүү, каржы рыногу, бажы жана бирдиктүү кызмат көрсөтүү рыногунун иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарды шайкеш келтирүү маселелерин талкуулашты. Серепчилер белгилешкендей, дүйнөдө ЕАЭБге кызыгуу өсүүдө. Өзбекстан менен Куба байкоочу өлкөлөр, ал эми Вьетнам, Сингапур, Сербия жана Иран эркин соода аймагына кирди. Отурумда ЕАЭБ мүчөлөрү тарабынан дагы бир стратегиялык чечим кабыл алынды - Иранга байкоочу өлкө макамы ыйгарылды. Кызматташтыктын келечегинде-Транскаспий транспорттук каттамы жана соода-экономикалык өз ара аракеттенүү аркылуу транзиттик дараметти өнүктүрүү.
Дмитрий Ланко, Саясий илимдердин кандидаты:
- Эң маанилүү документ-бул Евразия экономикалык биримдигинин жана үчүнчү өлкөлөрдүн ортосундагы транзит жөнүндө макулдашуу. Себеби, биздин өлкөлөрдүн аймактары абдан чоң, мамлекеттердин аймактары аркылуу транспорттук жолдор өтүп, биздин өлкөлөрдү бири-бири менен гана эмес, дүйнөнүн ар кайсы аймактарын байланыштырып турат. Экинчиси маанилүү жагдай. Бул жылдагы дагы бир жаңылык-Ирандын экономикалык биримдиктин Евразия байкоочу өлкөсү катары кошулуусу. Буга чейин бизде эки байкоочу өлкө болгон бири Өзбекстан, экинчиси Куба.
Кеңейтилген отурумдун жүрүшүндө байкоочу өлкөлөрдүн - Кубанын жана Ирандын өкүлдөрү сөз сүйлөштү. Экономиканы өнүктүрүүдө ЕАЭБ мамлекеттери менен эркин соода зонасы маанилүү ролду ойноду. Келерки жылы Иран менен экономикалык мамилелер дагы жөнөкөйлөтүлөт.
Сейед Мохаммад Атабак, Ирандын өнөржай, кен жана соода министри:
- Бүгүнкү күнгө чейин, биз соода алмашууда ийгиликтүү кызматташып келе жатабыз. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн рыногу биз үчүн өнүгүүгө жакшы импульс болуп калды. Эми байкоочу өлкө болгондон кийин Иран кызматташтыкты тереңдетүү үчүн башка тармактарды да сунуштай алат – бул транспорт, энергетикалык коопсуздук жана албетте транзит. Биз Перс булуңу жана башка өлкөлөр менен байланыш түзө алабыз.
Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун жыйынтыгы боюнча тараптар 20дан ашык документке кол коюшту. ЕАЭБге төрагалык кылуу 2025-жылы Беларуска өттү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

