Казакстанда дагы бир кургак порт салынат

Казакстанда дагы бир кургак порт салынат

Казакстанда дагы бир кургак порт курулат. Аны бир нече этап менен куруп, 2027-жылга чейин бүтүрүү көздөлүп жатат. Алматы облусунун акимчилигинин маалыматы боюнча, 8,5 миң гектар жерде эл аралык санариптик транспорттук-логистикалык хаб орнотулат. Кургак порттун аты Көлжат болот. Объекттин толук циклдүү инфраструктурасы болот деп күтүлүүдө. Алардын ичинде убактылуу сактоо кампалары, унааларга кызмат көрсөтүү борборлору, ошондой эле мамлекеттик, брокердик жана башка кошумча кызматтарды көрсөтүү борборлору ачылат. Муну менен катар товарларды экспорттоо борбору да салынат. Адистердин айтымында, кургак порт Кытайдан келген жүк ташууларды кыйла көбөйтүп, «Көлжат» өткөрүү пунктун жаңылоого салым кошот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков