Казакстан глобалдык агрардык рыноктогу позициясын бекемдөөдө

Казакстан глобалдык агрардык рыноктогу позициясын бекемдөөдө

Казакстан дүйнөлүк агрардык рынокто өз ордун бекемдөөдө. Биринчи жарым жылдыкта өлкөдө 100 миң тоннага жакын күрүч өндүрүлдү. Энерджипром порталынын маалыматы боюнча, дээрлик жарымына жакыны экспортко жиберилди. Үчтүн айы-бугу айларында чет өлкөгө 46 миң тоннага жакын күрүч жөнөтүлдү, бул өткөн жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 21% жогору. 2024-жылдын аяк оона айынан 2025-жылдын теке айына чейинки мезгил дан эгиндери үчүн да рекорддук жыл болду. Чет элдик рынокко жеткирүүлөр дароо 34%га өстү. «Казакстан темир жолунун» маалыматтары боюнча, болжол менен 12,5 млн тонна буудай жана ун жөнөтүлдү. Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан, Иран жана Азербайжанга жеткириле турган буудай көлөмү кыйла өстү. Экспорт рыногунун чеги да кеңейди. Казакстан биринчи жолу Бельгия, Польша, Португалия, Норвегия жана Улуу Британияга буудай жөнөтө баштады. Ал эми «Азык-түлүк корпорациясы» улуттук операторунун желеси боюнча Марокко менен Вьетнамга 75 миң тоннага жакын буудай жөнөтүлдү. Италияга катуу буудай сортунун экспорту кыйла артты. Мындан тышкары, БАЭ, Вьетнам жана Түндүк Африка өлкөлөрү атамекендик буудайга кызыгуусун билдирүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков