Казакстан менен
Финляндия экономикалык байланыштарды бекемдеп, эки тараптуу соода көлөмүн
көбөйтүүгө ниеттенүүдө. Мамлекеттик кирешелер комитетинин маалыматы боюнча,
2024-жылы өлкөлөр арасындагы товар жүгүртүү болжол менен 172 миллион долларды
түздү. Серепчилер андан ары өсүү дарамети жогору экенин айтып жатышат. Акыркы
жылдары фин инвесторлорунун казакстандык рынокко болгон кызыгуусу кыйла өстү.
Финляндиядан түз инвестициялардын агымы 2024-жылы болжол менен 42 миллион
долларды түзсө, бул агым ушул жылдын биринчи жарымында эле 24 миллиондон ашты.
Казакстан Финляндияга өнөр жайлык жана химиялык өнүмдөрдү, кара металлдан
жасалган буюмдарды жана унаа жасоо үчүн керектүү бөлүктөрдү экспорттойт. Ошондой
эле жогорку технологиялык жана өнөр жайлык жабдуулар, ошондой эле жеңил
автоунаалар жеткирилүүдө.
Даурен Абен,
Казакстан стратегиялык изилдөөлөр институтунун мудүрүнүн орун басары:
- Менимче, эки
өлкө тең байланыштарды бекемдөөгө даяр. Биз Финляндияны эмне менен
кызыктырабыз? Эң биринчи кезекте, аларды, албетте, биздин чийки зат ресурстары
кызыктырат. Биргелешкен ишканаларды, биргелешкен өндүрүш ишканаларын түзүү
боюнча активдүү кызматташтыкты түзсөк болот, анткени натыйжалуу мамиле түзүүгө
ыңгайлуу тармактар бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

