Казакстан менен Башкортостан биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырат

Казакстан менен Башкортостан биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырат

Былтыр Казакстан менен Башкортостандын аймактар ​​аралык соодасы 380 миллион доллардан ашты. Өз ара соода алаканы арттыруу дарамети дагы эле жогору. Бул тууралуу Алихан Смаилов Астанада Башкортостандын премьер-министри Андрей Назаров баштаган өкмөттүк делегация менен жолугушууда билдирди. Бүгүнкү күндө эки тараптуу өнөр жай кооперациясы өсүп жатат. Маселен, азыртан эле Костанай облустунда биргелешкен завод куруу иштери жүрүп жатат. Кошумчалай кетсек, азыр башкыр компаниясы Казакстан менен 716 миллион долларлык эки ири долбоор боюнча кызматташууну түзүүдө. Өкмөт башчы Алихан Смаилов аталган инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Тараптар ошондой эле айыл чарба, логистика, туризм жана маданият тармагындагы кызматташууну талкуулашты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков