Быйыл Казакстанда 400 миңден ашуун бала биринчи жолу мектеп босогосун аттайт. Биринчи класска документтерди кабыл алуу аяктаганын өлкөнүн Окуу-агартуу министрлиги билдирди. Эске салсак, чын куран айынын 1де башталган өнөктүк төрт айга созулган. Тармактык мекеменин маалыматы боюнча, арыз бергендердин 70% мамлекеттик тилди тандашкан. Бул жаатта казак тилдүү класстарда балдарды камтуу Кызылорда, Улытау, Маңгыстау жана Жамбыл облустарына тиешелүү болду. Кийинки максат - мектептерде окуу класстарын бардык зарыл жабдуулар менен жабдып, окуу жараянын талапка ылайык уюштуруу милдети турат. Эскерте кетсек, Казакстанда мектепке 6 жаштан баштап, жыл аягына чейин алты жашка толо турган балдар кабыл алынат.
Жомарт Карамбаев, Казакстандын окуу-агартуу министрлигинин мектепке чейинки жана орто билим комитети төрагасынын орун басары:
- Документтерди кабыл алуу процедурасы толугу менен автоматташтырылган. Ата-энелер салттуу жана онлайн форматта аларды тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул жылы арыздардын 80%дан ашыгы электрондук форматта кабыл алынган. Ага байланыштуу көрсөткүч жыл сайын өсүп жатканын белгилей кетүү керек. Бүгүнкү күндө эң көп 1-класстын окуучулары беш аймакта катталган. Алар Абай, Чыгыш жана Батыш Казакстан, Костанай, Караганды облустары. Ошондой эле, Нур-Султан, Алматы жана Шымкент сыяктуу республикалык маанидеги үч шаарда 1-класстын окуучуларынын саны басымдуулук кылат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков