Терезе - өмүргө кооптуу. Казакстанда жайдын келиши менен балдардын терезелерден кулап кетүү учурлары көп катталууда. Бир нече айдын ичинде эле борбор калаада адистер 4 окуяны катташкан. Алардын экөө акыркы эки жуманын ичинде эле болуп өткөн.
Нэлля Дощанова, Нур-Султан шаарынын ювеналдык полиция бөлүмүнүн башчысы:
- Мындай нерсени башка бир жерде, же болбосо башка бир шаарда болот, балким теледен көрсөтүлөт деп гана ойлобош керек. Чындыгында, бул каалаган убакта жана ар бир адамдын башына түшүүчү кырсык. Бизде түрдүү жагдайлар болгон. Ата-энелер балдарды алып, дал ошол учурда эмне болуп жаткандыгын көрсөтүү үчүн баланы терезенин жанына алып барып, андан кийин бала терезеден кулап кетип көз жумган фактылар орун алган.
Ички иштер башкармалыгынан алынган маалыматка караганда, былтыр жаза тайып кырсыктаган учурлар көп катталган. Анда окуялардын максималдуу 28 учуру катталган. Анда алты бала көп кабаттуу үйлөрдөн кулап, бири дагы тирүү калган эмес. Укук коргоо органдары кооптуулукту эскертип, коопсуздук чараларын көз жаздымда калтырбоого кеңеш берет. Кеп сак болуу жөнүндө болуп жатат: бул блокаторлор дагы, металл торлору дагы болушу мүмкүн. Айта кетсек, соңкусу коопсузураак, деп эскертет мыйзам жана тартип сактоочулары.
Которгон: Илгиз Жамалбеков