2024-жылы Жамбы атуу тарыхы боюнча китеп жана ата мекендик комикс жарык көрөт. Ошондой эле, аталган улуттук спорттун негизинде мобилдик оюн түзүлөт. Бул тууралуу «Жамбы атуу» федерациясынын президенти атайын брифингде билдирди. Еркебулан Илиясовдун айтымында, бул жаштарды казактын салттуу оюну менен тааныштыруу аракети. Ал үчүн ат үстүндө жаа атуу боюнча бардык мелдештер заманбап талаптарга ылайык санариптештирилүүдө. Иш-чарага катышып жаткан мергендердин коопсуздугун камсыздоо максатында мелдеш талаасы санариптештирилди. Атайын лазердик жол белгилери менен таймерлер жана видеокөзөмөл системасы орнотулду. Мындан тышкары, жарышты онлайн режиминде көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берген мобилдик тиркеме иштелип чыкты. Бул электрондук системаны келерки жылдан баштап ишке киргизүү пландалууда.
Еркебулан Илиясов, «Жамбы атуу»
федереациясынын президенти:
- Элибиз мобилдик тиркемеге
кирип, ал жерден онлайн түрдө кайсыл спортчу, канча упай топтоду мына ушунун
баарын футболдогу ким канча гол киргизди, канча аралыктан топ тэпти деген
сыяктуу толук маалыматты көрүп отурууга болот. Мунун баары мелдештер менен чемпионттар
ачык өтсүн деген максатта жасалууда.
Жалпысынан 2024-жылы Казакстанда жамбы
атуу боюнча 12 ички жана 6 эл аралык чемпионат өткөрүү мерчемделген. Ошондой
эле, биринчи жолу ат үстүндө жаа атуу боюнча кыздар арасында «Томирис» мелдеши
уюштурулат. Ал эми ушул айдын 16-22 күндөрү Улуттук курама Сауд Арабияда ок
атуу боюнча дүйнөлүк мелдеште өлкөнүн намысын коргойт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков