Казакстанда каттоо жараянын автоматташтыруу үчүн кагаздан толугу менен баш тартуу пландалууда. Бул тууралуу Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин бүгүн өкмөттүн жыйынында билдирди. Өкмөт башчысы өлкөнүн ар бир жаранынын эл каттоого катышуусу чоң мааниге ээ экендигин белгиледи.
Аскар Мамин, КРнын Премьер-Министри:
- Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы боюнча эл каттоону ушул жылдын аяк оона айынын 1нен тогуздун айынын 30на чейин өткөрүү мерчемделип жатат. Белгилүү болгондой, буга чейинки эл каттоо 2009-жылы өткөрүлгөн. Бул иш-чаранын социалдык-экономикалык мааниси чоң. Эл каттоонун жыйынтыгы эң так жана өлкөдөгү абалды талдоого, болжол жасоого жана тиешелүү чечимдерди кабыл алууга негиз болгон бир катар көрсөткүчтөр алынат. Ошондуктан, эл каттоого өлкөнүн ар бир жаранынын катышуусу абдан маанилүү. Саноо жараянынын автоматташтыруу үчүн кагаздан таптакыр баш тартуу жана санарип технологияларды колдонуу көздөлүп жатат.
Жыйындын жүрүшүндө Өкмөт башчысынын биринчи орун басары эл каттоо учурунда кагаздын ордуна планшет колдонуу иш-чаранын чыгымдарын бир топ төмөндөтөрүн баса белгиледи.
Алихан Смайылов, КРнын Премьер-Министринин биринчи орун басары:
- Санарип технологияларды киргизүүгө, жараяндарды автоматташтырууга жана кагаз документтердин ордуна планшеттерди колдонууга байланыштуу каттоо 2009-жылдагы эл каттоонун чыгымдарына караганда 2,6 эсе арзан. Ошол эле учурда маалыматтын сапаты жана маалыматтарды чогултуу ылдамдыгы бир топ жакшырат. Санактан кийин планшеттер мектептер менен ооруканаларга таратылып берилет. Каттоо - бул бүткүл коомдун катышуусун талап кылган ири иш-чара.
Белгилей кетсек, эл каттоо бардык өлкөлөрдө жүргүзүлөт, быйыл 61 өлкөдө санак жүргүзүү мерчемделген.