Борбор калаада ата мекендик бизнесмен, экономист-серепчи Ербосын Нурмухандын “Чакан бизнес чаңдан коркпосун десек” аттуу китебинин бет ачары болду. Бул эмгекте ишкердик сапарын КЭРнан баштап, аны чет өлкөдө уланткан казакстандык бул тармактагы тажрыйбасынын негизинде ата мекендик бизнести өнүктүрүүнүн механизмдерин айтып берет. Ал өз талдоолорунда чет элдик алдыңкы тажрыйба менен бөлүшөт. Жалпы окурмандарга арналган китепте экономикалык темада жазылган серепчилик макалалар камтылган.
Ербосын Нурмухан, ишкер, экономист-талдоочу:
- Өлкөдө чакан жана орто бизнестин үлүшү 30%. Мен бул китепте аталган багытты өнүктүрүп, өнүккөн өлкөлөрдүн 70-80%на жеткирип, ошол өнүккөн мамлекеттердин алдыңкы тажрыйбалары менен айкалыштыруу жана колдонуу зарылдыгын жазып чыктым.
Едиге Кожахмет, Эл аралык инвестициялар боюнча серепчи:
- Бул биринчи жолу чакан бизнес ээлери үчүн мыкты нускама болот. Анткени ал жеке тажрыйбага таянып, жолдо кездешкен тоскоолдуктарды ачып берет. Экинчиден, мамлекеттик реформа жасоого кызыкдар структуралар үчүн конкреттүү колдонмо болуп саналат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков