Казакстанда токой өрттөрүн эрте аныктоо системасын ишке киргизүү пландалууда. Ал өрттүн очокторун өз убагында аныктоого жана ыйгарым укуктуу органдарга тез арада маалымат жеткирүүгө мүмкүндүк берет. Анын алкагында улуттук сейил бактарды, коруктарды жана өзгөчө корголуучу аймактарды күнү-түнү видеокөзөмөлдөө системасы жана көз карандысыз түтүн датчиктер желеси менен камтууга көздөлгөн. Буга кошумча дрондорду колдонуу да каралган. Алар чечим кабыл алуу борборун актуалдуу маалымат менен камсыз кылып, өрттү чектөө жана өчүрүү боюнча аракеттерди координациялоого жардам беришет. Ошондой эле, аппараттар коопсуз эвакуациялоо жолдорун иштеп чыгуу, жабырлануучуларды издеп табуу жана куткаруу үчүн колдонулат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков.